Жол инспекторлору жеринде планшеттин жардамы менен айдоочу жана унаалар тууралуу маалыматты ыкчам текшере алат
«Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында Ички иштер министрлиги санариптештирүүгө активдүү өтүүдө. Президенттин Иш башкармалыгына караштуу мамлекеттик «Кызмат» ишканасынын IT-адистери заманбап мобилдик тиркеме иштеп чыгып, ал Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин жаңы планшеттерине орнотулду.
Санариптештирүүнүн алкагында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына мобилдик тиркеме орнотулган планшеттер берилди. Азыркы учурда жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлер планшеттерди колдонуп, айдоочулар жана автоунаалар тууралуу маалыматты ыкчам текшерүүдө.
Тактап айтканда базадан жарандын өздүгү, айдоочулук күбөлүгү, издөөдө бар же жоктугу боюнча толук маалыматтар чыгат. Ошондой эле автоунаанын каттоосу, кошумча жабдыктардын орнотулуусу, айнек караңгылатуу уруксаты, автоунаанын издөөдө бар же жоктугу, айып пулдар сыяктуу бир катар маалыматтар камтылган.
Белгилей кетсек, заманбап мобилдик тиркеме камтылган планшеттер, санариптештирүүнүн алкагында кызматкерлердин кызмат өтөөсүн бир кыйла жеңилдетип, маалыматтарды ыкчам алууга шарт түзөт.
