50%га чейин арзандатуу менен жеңилдетилген дары-дармектерди кандай шарттарда сатып алууга болот? ММКФнын жообу
13 октябрь

50%га чейин арзандатуу менен жеңилдетилген дары-дармектерди кандай шарттарда сатып алууга болот? ММКФнын жообу

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду  (ММКФ) ММК системасы боюнча камсыздандырылган жарандар 50%га чейин арзандатуу менен жеңилдетилген дары-дармектерди сатып алууга укуктуу экендигин билдирет.

Жеңилдик жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программасынын алкагында берилет жана бир катар шарттар сакталган учурда гана жеткиликтүү.

50%га чейин арзандатылган жеңилдетилген дары-дармектер ММК системасы боюнча камсыздандырылган жарандарга гана жана медициналык көрсөткүчтөр болгондо гана жазылат. Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгери электрондук рецепт менен жазып, ал боюнча дары-дармектерди сатып алууга болот.

Дары препараттарын жеңилдетилген баада ММК фонду менен келишим боюнча иштеген дарыканалардан сатып алса болот. Азыркы учурда жеңилдетилген дары-дармектердин тизмеси ар кандай ооруларды дарылоого арналган 600дөн ашык фирмалык аталыштарды камтыйт, тизме менен ММК фондунун сайтынан, ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерден жана дарыканалардан таанышууга болот.

Электрондук рецепт жазылган учурдан тартып бир айдын ичинде колдонуларын жана республика боюнча дарыканаларда кабыл алынарын белгилеп кетүү маанилүү.

Эгер сизде дагы суроолор болсо, күнү-түнү иштөөчү ММК фондунун 113 ишеним телефонуна чалыңыз (дем алыш күндөн тышкары). Бардык түзмөктөрдөн чалуулар акысыз.