Быйыл Кыргызстанда 6,7 млрд сомго 2186 техника лизингге берилди
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 август

Быйыл Кыргызстанда 6,7 млрд сомго 2186 техника лизингге берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айылдык товар өндүрүүчүлөрдү заманбап айыл чарба техникалары менен камсыздоо боюнча ишти улантууда.

2011-жылдан тартып «А Банк» жана «Элдик Банк» ААКлары тарабынан 7 лизинг долбоору ишке ашырылып келет.

Долбоордун алкагында айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү тармагына керектүү жабдуулар 6% жылдык үстөк менен 7 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген шартта лизингге берилүүдө.

Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик лизинг долбоорлору аркылуу жалпы суммасы 24,8 млрд сомго 11 986 даана айыл чарба техникасы дыйкандарга берилди.

Анын ичинен 2026-жылы 6,7 млрд сомго 2186 даана техника лизинг аркылуу тапшырылды.