29-декабрда "Алтын-Ордо" конушунда суу болбойт
26 декабрь

29-декабрда "Алтын-Ордо" конушунда суу болбойт

"Алтын-Ордо" конушунда  29-декабрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Өчүрүү аймагы: "Алтын-Ордо" конушу.

Диаметри 150 мм болгон суу түтүгүн кайра кошуу, диаметри 100 мм болгон түтүккө тээктерди жана диаметри 100 мм болгон өрт гидрантын орнотуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат. Иштер    2-көчө (18-көчө жана 7-көчө менен кесилишкен жер), 8-көчө, 2-көчө жана 1-көчөдө жүргүзүлөт.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы  ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.