Садыр Жапаров: IV Элдик курултайдын 71 делегаты мени алдаптыр
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы расмий баракчасы аркылуу IV Элдик курултайдын 71 делегаты аны алдагандыгын жазды.
"Төртүнчү Элдик Курултайдын экинчи күнү – бүгүн, 26-декабрда, делегаттардын суроолоруна жооп бердим. Буга чейин делегаттардын бири тарабынан шайлоого байланыштуу суроолор берилген эле.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланышкан маселелерге токтолуп, добуш берүүгө жарандарыбыз активдүү катышпай жатканын да өкүнүч менен белгиледим.
Ошону менен катар залга кайрылып, делегаттардын кимиси акыркы шайлоого барганын сурап, баргандары колун көтөрүүсүн өтүндүм.
Баардыгы толук кол көтөрүштү. Бул түз эфирде да көрсөтүлдү. Камералар тартып атканын да алдын ала эскерткем.
Мени таң калтырганы жана бир аз капа кылганы өз аймактарынан шайланып келген делегаттардын айрымдарынын эч ойлонбостон туруп алдашканы болду. Борбордук шайлоо комиссиясы Төртүнчү Элдик Курултайдын 71 делегаты шайлоого барбаганын тактап берди.
Эми аларды уят кылып аты-жөндөрүн ачыктабай эле коеюн. Ар бири өздөрү деле билишет", - деди ал.
