Президенттин Администрациясында “Жаш кадрлар мектеби” долбоорунун катышуучулары менен жолугушуу болуп өттү
6 июнь

Президенттин Администрациясында “Жаш кадрлар мектеби” долбоорунун катышуучулары менен жолугушуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов “Жаш кадрлар мектеби” долбоорунун катышуучулары менен жолукту.

Улан Маматканов катышуучуларды куттуктап жатып, учурда Кыргызстан масштабдуу трансформациянын жана динамикалык өнүгүүнүн мезгилин башынан кечирип жатканын белгиледи.

"Акыркы жылдары Кыргызстан тездик менен өзгөрүп, өнүгүп, жаңы доорго кадам таштоодо. Өлкө боюнча ири долбоорлор ишке ашырылып, өнүгүүнүн жана жаратмандыктын жаңы темпи сезилип жатат. Биз жаңы Кыргызстанды куруу доорунда жашап жатабыз", – деп белгиледи ал.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жаш адистерди даярдоо боюнча долбоордун маанисине токтолуп, Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттик башкаруу системасына келечек муундун жаш жана кесипкөй адистерин тартууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

"Мамлекеттик башкаруу бул бирдиктүү механизм. Жогорку Кеңеш менен Министрлер Кабинети ар башка институттар, бирок алардын максаты бир: мамлекеттин өнүгүүсү жана элдин бакубаттуулугу үчүн. Бардык мамлекеттик институттардын биргелешкен жана координацияланган иши гана өлкөнүн өнүгүүсүн камсыздайт", – деп белгиледи ал.

Жолугушууда жаштардын потенциалын, санариптик технологияларды өнүктүрүү, өлкөнүн келечектеги таланттуу резервин даярдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле Улан Маматканов Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын максаттарына токтолуп, бул максаттарга жетүүдөгү жаштардын ролу чоң экенин белгиледи.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, ал “Бир депутат – бир окуучу” долбоорунун уникалдуу насаатчылык моделин белгилеп, катышуучуларга окууларына жана кесипкөйлүгүн жогорулатууга ийгиликтерди каалады.