«Ала-Арча» паркында асма жолдун курулушу аяктады
«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы асма жолдун курулушу аяктады. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынан билдиришти. Заманбап объект 16 кабина менен жабдылган, алардын экөө VIP-коноктор үчүн ишке берилет. Ар бир кабинанын сыйымдуулугу 10 жүргүнчүгө чейин жетет.
Курулуш иштерин австриялык компания ишке ашырды. Долбоор муну менен эле бүтпөйт, экинчи этапта паркта родельбан куруу пландалууда.
