Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
3 август

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда 3-август күнү эртең менен очогунда күчү болжол менен 3 баллга жеткен жер титирөө болду. 

КР Сейсмология институтунан кабарлашкандай, жер титирөө саат 05:35те катталган.

Жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркасында жайгашкан:

– Кашка-Суу айылынан 18 чакырым түндүк-батышта;

– Кара-Өтөк айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышта;

– Ош шаарынан 88 чакырым түштүк-батышта.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн силкинүүсү сезилген эмес.