Ашкана бычагы менен мойнуна сайган. Садовое айылында бөтөлкөлөштөрдүн жаңжалы өлүм менен аяктады
2026-жылдын 16-мартында Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Садовое айылында жайгашкан үйлөрдүн биринин короосунда зомбулук белгилери менен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо чыгып кеткен.
Окуя болгон жерди кароо учурунда аталган үйдө 1988-жылы туулган С.С. аттуу жаран жашары аныкталган. Ошондой эле үйдүн короосунан 1993-жылы туулган, Кара-Балта шаарынын тургуну П.О. аттуу жарандын зомбулук белгилери менен сөөгү табылган.
Маркумдун сөөгү моргго жеткирилип, тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалды.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-беренесинде (Адам өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө учурунда аныкталгандай, 2026-жылдын 14-мартында жогоруда көрсөтүлгөн дарекке С.С. аттуу жарандын таанышы П.О. келген. 2026-жылдын 15-мартынан 16-мартына караган түнү спирт ичимдиктерин ичүү учурунда алардын ортосунда чыр чыгып, анын натыйжасында С.С. ашкана бычагы менен П.О.нун моюн тарабына сайып, оор жаракат келтирген. Натыйжада П.О. окуя болгон жерде каза болуп, андан соң анын сөөгүн короого алып чыккан.
1988-жылы туулган С.С. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
