Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда сел жүрүп, убактылуу жабылды
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда алдын ала маалымат боюнча, саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун болжол менен 100-чакырымын каптап, эки тараптуу каттам жабылып, 2-3 унаа туруп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Кошумча маалымат берилет.
