Манас шаарында чет элдик жарандар арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Жалал-Абад ОИИБ
22 июль

Манас шаарында чет элдик жарандар арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери чет өлкөлүк жарандар менен профилактикалык иштерди жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүнүн жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн тартиби түшүндүрүлүүдө.

Ошондой эле аларга миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактоо, өздүгүн тастыктоочу документтерди дайыма алып жүрүү жана коомдук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштери алып барылууда.