Бишкекте электросамокаттардын ылдамдыгын саатына 15 чакырымга чейин төмөндөтүлдү
Бишкекте жеке мобилдүүлүк каражаттарын (электросамокаттар жана башка ЖКК) жөнгө салуунун жаңы эрежелери киргизилди.
Мэриядан кабарлашкандай, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында электросамокаттардын жогорку ылдамдыгын саатына 25 чакырымдан 15 чакырымга чейин төмөндөтүү чечими кабыл алынды.
Мындан тышкары, бир катар кошумча чаралар каралган. Шаарда сары сызык менен белгиленген атайын токтотуучу жайлар аныкталат. Мындай жайлардан тышкары үч сааттан ашык убакытка калтырылган электросамокаттар эвакуацияланат.
Ошондой эле электросамокаттар жана башка ЖКК колдонууда жабыркаган адамдарга компенсация төлөөнү караган үчүнчү жактарды милдеттүү камсыздандыруу киргизилет.
Маалыматка ылайык, Бишкекте буга чейин 64 чакырым веложол тилкелери түшүрүлгөн. Велосипед инфраструктурасын өнүктүрүү иштери мындан ары да улантылат.
