Кыргызстанда кызамык оорусуна чалдыккандардын саны өстү
10 февраль

Кыргызстанда кызамык оорусуна чалдыккандардын саны өстү

Кыргызстанда январь айында кызамыктын жаңы учурлары катталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун дарыгери Гулзада Даданова билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын аягында оорунун деңгээли төмөндөгөн, бирок жаңы жылдын биринчи айында өлкөдө кызамыктын 22 жаңы учуру катталган.

Адистин белгилешинче, ооругандардын 92 пайызы — эмдөөдөн баш тарткан же вакцинаны өз убагында албаган адамдар.

«Балдарга жашоосунун биринчи жылында берилген биринчи доза вакцинадан кийин организмде 90 пайыздык иммунитет пайда болот. Бала эки жашка чыкканда дагы бир доза алуу керек — ал 98 пайызга чейин коргоо берет. Бир дозаны алган, бирок ооруп калган калган эки пайызда иммунитет толук калыптанып жетишпегендиктен жуктуруп алышы мүмкүн», — деди Гулзада Даданова.

Ал ошондой эле эмдөө кызамыктан коргонунун жана оорунун кайра жайылышын алдын алуунун эң ишенимдүү жана натыйжалуу жолу бойдон каларын баса белгиледи.