Боом капчыгайында 10 күн маал-маалы менен жол жабылат. Себеби 
20 апрель

Боом капчыгайында 10 күн маал-маалы менен жол жабылат. Себеби 

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 130-чакырымында, тактап айтканда, Боом капчыгайында атайлап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган иштер 2026-жылдын 20-апрелинен 30-апрелине чейин күн сайын саат 09:00дөн 16:00гө чейин маал-маалы менен жүргүзүлүп турат.

Бул убакыт аралыгында унаа жолу убактылуу жабылып, транспорт каражаттары бир тилке менен өткөрүлөт. Ар 15–20 мүнөт сайын таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар жөнгө салынып турат.

Иш-чаралар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын жол тейлөө филиалы тарабынан ЖКККББ кызматкерлери менен биргеликте жол коопсуздугун камсыздоо жана таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында уюштурулууда.