Ош шаарындагы Навои паркы жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет
www
20 апрель

Ош шаарындагы Навои паркы жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет

Ош шаарындагы Навои паркы жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, учурда паркта жүргүзүлүп жаткан реконструкция жана курулуш иштери соңку баскычка жетти. 

Буга чейин тартипсиз жайгашкан эски соода күркөлөрү толугу менен алынып салынып, алардын ордуна заманбап эс алуу аймактары, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жолдор жана коомдук жайлар курулду.

Мындан тышкары, парк аймагында жашылдандыруу, жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштери дээрлик толук аяктады. Жаңы отургузулган көчөттөр жана гүлзарлар шаар тургундары үчүн жагымдуу шарт түзөт.