Кыргызстанда криптовалюталарга болгон кызыгуу кыйла өсүүдө
Кыргызстанда криптовалюталарга болгон кызыгуу кыйла өсүүдө. Binance компаниясынын изилдөөсүнө катышкан респонденттердин дээрлик ондон тогузу 2026-жылы санариптик активдерге кызыгуу артканын белгилешкен.
Изилдөө 2026-жылдын август–сентябрь айларында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 250дөн ашык респонденттин арасында жүргүзүлгөн.
Катышуучулардын 42,9%ы криптовалютага кызыгуунун олуттуу өскөнүн белгилесе, дагы 42,9%ы орточо өсүш болгонун билдирген. Жалпысынан бул көрсөткүч 85,8%ды түзөт.
Криптовалюталарга болгон кызыгуунун өсүшү санариптик активдерди колдонууда да байкалууда. Респонденттердин 67,7%ы 2026-жылы криптовалютаны мурдагыга караганда көбүрөөк колдоно баштаганын билдиришкен. Алардын 26,8%ында колдонуу кыйла өссө, 40,9%ында орточо деңгээлде көбөйгөн.
Изилдөөгө катышкандардын 60%дан ашыгы криптовалютага салыштырмалуу жакында эле кызыга баштаган. Тактап айтканда, 26%ы акыркы алты айда, дагы 36,2%ы акыркы бир жылдын ичинде криптовалюта рыногуна келген.
Криптовалюталарды колдонуунун популярдуу багыттарынын бири эл аралык акча которуулар болуп калды. Аны санариптик активдерди колдонуунун кызыктырган сценарийлеринин катарына респонденттердин 54,7%ы киргизген.
Ошол эле учурда 59,1%ы эл аралык которууларды жүргүзүүдө санариптик активдерди жок дегенде бир жолу колдонгон. Алардын 14,6%ы мындай которууларды үзгүлтүксүз жүргүзөрүн билдирген.
Мындан тышкары, респонденттердин 52%ы товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн криптовалюта менен жок дегенде бир жолу төлөм жүргүзгөн.
Рыноктун өсүшү менен киберкоопсуздуктун мааниси да жогорулоодо. Санариптик активдерди сактап жана которо баштаган адамдардын саны көбөйгөн сайын, бул аудитория алдамчылар үчүн дагы кызыктуу бутага айланууда.
Негизги тобокелдиктердин арасында фишингдик сайттар, жасалма криптокапчыктар жана тиркемелер, жалган инвестициялык долбоорлор, ошондой эле криптобиржалардын кызматкери катары тааныштырган алдамчылардын билдирүүлөрү бар.
Колдонуучуларга эки факторлуу аутентификацияны күйгүзүү, аккаунтка кирүүдөн мурун сайттын дарегин текшерүү жана сырсөздөрдү, бир жолку коддорду жана капчыктын seed-фразасын башка адамдарга бербөө сунушталат.
Ошол эле учурда аудиториянын бир бөлүгүнүн криптовалюта боюнча билими азырынча төмөн бойдон калууда. Изилдөөгө катышкандардын 31,9%ы криптоактивдер жөнүндө укканын, бирок аларды жакшы түшүнбөй турганын билдирсе, 30,7%ы өз билимин базалык деңгээлде деп баалаган.
Респонденттер криптовалюталардын мындан ары кеңири жайылышына негизги фактор катары көбүнчө билим берүүнү аташкан.
Опрос Binance аудиториясынын арасында жүргүзүлгөндүктөн, анын жыйынтыктары изилдөөгө катышкан адамдардын пикирин чагылдырат жана Кыргызстандын жалпы калкына мүнөздүү көрсөткүч катары каралбайт.
