Баткендин Пидап участкасындагы газдын кору изилденет
25 декабрь

Баткендин Пидап участкасындагы газдын кору изилденет

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында Кадамжай районунун Актурпак айыл аймагына караштуу Өрүк-Зар айылына жакын жайгашкан Пидап участкасындагы пайдаланылбай турган газ скважиналары жайгашкан аймакка барган. 

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жеринде район акими Болот Баяке уулуна аймакта газдын запасын аныктоо боюнча иш чараларды жүргүзүү, тийиштүү министрликтерге изилдөө жүргүзүү боюнча сунуш каттарды жиберүүнү, адистер менен бирге иш алып барууну тапшырган.

Белгилей кетсек, аталган аймакта 2007-2014-жылдар аралыганда Кытай компаниясы тарабынан мунайгаз чыккан жерлерди изилдөө, чалгындоо жана бургулоо боюнча геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн.

Бирок ири суммадагы каражат керектелгендиктен иш токтоп калган. Бүгүнкү күндө аймактагы газдын кору боюнча так маалымат жок.