Жапаров делегаттарга: Бийликти мактабагыла, анда эле НПО менен оппозицияга Кудай берет
IV Элдик курултайда президент Садыр Жапаров делегаттарды бийликти ашыкча мактабоого чакырды.
“Бир нерсени эсиңиздерге сала кетейин. Азыр 150 делегат трибунага чыгып, сөз сүйлөп баштайсыңар. Биринчи учурашасыздар, жаңы жыл менен куттуктайсыздар, анан бийликти мактап баштайсыздар, кимиңердин айылыңарда жакшы иштер жүрүп жаткан болсо. Анан ошентип жарым убактыңарды коротосуңар. Анан “бүтпөй калдым, дагы убакыт бер” деп дагы бир мүнөттү аласыңар. Ошондуктан, бийликти мактабагыла, биз мактоого муктаж эмеспиз. Мактасаңар, НПО менен оппозицияга Кудай берет: мына, дүжүрлөрдү чогултуп алыптыр, атайын мактатты деп. Ага шылтоо бербегиле”, – деди ал.
Ошондой эле делегаттарды эл бул жакка маселелерди айтууга жибергенин белгиледи.
“Дароо аты-жөнүңөрдү, районуңарды айтып, эмне маселе менен келгениңерди баштасаңар, ошондо 3 мүнөттө үлгүрөсүңөр”, – деди.
Андан сырткары президент кемчилик болсо ачык айтууну, курултайда сын айттың деп делегатты бир дагы мамчиновник күнөөлөй албай турганын билдирди.
“Мага бир маалымат жетти, бир аким делегат шайлоого кичине киришкен экен, аны жазалайбыз. Курултай – эл менен президенттин ортомчусуз байланышы”, – деди.
Өлкө башчы делегаттарга, “айрыкча, барпылыктарга” “сүйлөп жатканда абайлап сүйлөөнү” жылмайып эскертти.
Кыязы, президент өткөн жылдагы курултайда айрым делегаттардын байкоосуз айтып алган сөздөрү коомчулукка күлкү жаратканын эстеди окшойт.
