Президент: Кыргызстан – азык-түлүк коопсуздугуна ээ, кайра иштетүү тармагы өнүккөн өлкө болушу керек
25 декабрь

Президент: Кыргызстан – азык-түлүк коопсуздугуна ээ, кайра иштетүү тармагы өнүккөн өлкө болушу керек

Айыл чарба тармагы Кыргызстан үчүн жөн гана экономиканын бир көрсөткүчү эмес. Агрардык сектор – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда билдирди.

Президент учурда азык-түлүктүн негизги тогуз түрүнүн ичинен алтоо боюнча өлкө толук өзүн-өзү камсыздайт тургандыгын айтты.

"Жеңилдетилген насыялар аркылуу миңдеген фермерлер асыл тукум мал сатып алууга, чарбаларын жаңылоого, техникаларын модернизациялоого жана жаңы технологияларга өтүүгө мүмкүнчүлүк алышууда. Урук чарбалары, питомниктер колдоого алынып,  жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк кеңейүүдө. Ошону менен катар эле биз агроөндүрүштүк кластерлерди түзүп жатабыз. Бул – тармактын жаңы архитектурасы. Кластерлер дыйкандарды, кайра иштетүүчүлөрдү, логистиканы, сервисти жана финансы институттарын бирдиктүү система катары бириктирет", – деди ал. 

Президент ошондой эле сугат системасын жаңылоо – өзгөчө маанилүү багыт экендигин айтты.

"Каналдар, насостук станциялар, гидротехникалык курулмалар салынууда жана реконструкцияланууда. Сууну жеткирүүнүн заманбап системалары киргизилип, эсепке алуу такталып жатат. Мунун баары түшүмдүүлүктү жогорулатууга, өндүрүштүн туруктуулугун камсыздоого жана чарбалардын кирешелүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөт. Миңдеген дыйкандар тамчылатып жана жаандатып сугаруу жабдууларына ээ болууда. Бул татаал жерлерде да натыйжалуу өндүрүш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Стратегиялык максатыбыз – кыргыз айылдары өзүн-өзү араң баккан аймак эмес, тескерисинче, өсүштүн, ишенимдин жана мүмкүнчүлүктөрдүн борбору болушуна жетишүү. Жаштар айылдарда айласыздыктан эмес, өз каалоосу менен жашагандай болушу кажет. Дыйканчылык аз кирешелүү жана оор шарттагы жумуш катары эмес, заманбап экономиканын бөлүгү катары кабыл алынышы шарт. Ар бир гектар жер туруктуу киреше алып келип, ар бир чарба технологияга ээ болуп, ар бир өндүрүүчү сатык базарына жол табышы зарыл. Мына ушуну ушул жерде отурган тиешелүү министрлер ишке ашырышыңар керек.

Кыргызстан – азык-түлүк коопсуздугуна ээ, кайра иштетүү тармагы өнүккөн, экологиялык таза жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны туруктуу экспорттой алган өлкө болушу керек", – деди ал.