Бишкекте өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган аял куткарылды
Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда белгисиз аял өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жерине ӨКМдин куткаруучулары ыкчам жетип барышкан. Алардын кесипкөйлүк жана ыкчам аракеттеринин натыйжасында жаран аман-эсен куткарылып, андан ары КР ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
КР ӨКМ жарандарды кайдыгер болбоого чакырат. Эгер кооптуу кырдаалга күбө болсоңуздар же кимдир бирөөгө жардам керек болсо - дароо «112» кызматына кабарсаңыздар болот.
