Нике – бул чоң жоопкерчилик! Кыргызстанда баш кошкон ар бир үчүнчү үй-бүлө ажырашууда
2024-жылы Кыргызстанда 45 321 нике катталып, ошол эле кезде 13 397 үй-бүлө ажырашыптыр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда билдирди.
Анын айтымына караганда, 2023-жылга салыштырмалуу ажырашуулардын саны дагы 5,8%га көбөйгөн.
"Эгер бул көрсөткүчтөрдү жөнөкөй турмуштук пропорцияга салсак, анда ар бир үчүнчү нике ажырашуу менен аяктоодо", – деди ал.
Президент ажырашуулардын көбөйүшү – мамлекет үчүн чоң коңгуроо экендигин жашырган жок.
"Эгер биз бүгүн үй-бүлөнү бекемдөөгө көңүл бурбасак, эртең социалдык, экономикалык жана демографиялык оор кесепеттерге дуушар болобуз. Ошондуктан үй-бүлө институтун бекемдөө – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болушу керек.
Нике – бул чоң жоопкерчилик! Бул бири-бирин түшүнө билүү, кечире билүү жана сөзгө бекем туруу. Бул – кубанычта да, кыйынчылыкта да бирге болууну чечкен эки адамдын ыйык биригүүсү. Ооба, ар бир ажырашуунун өзүнүн чындыгы бар: экономикалык кыйынчылыктар, колдоонун жоктугу, психологиялык басым, чыр-чатактар, турмуштук көйгөйлөр ж.б. Мамлекет мунун себептерин табууга, изилдөөгө жана туура чечим кабыл алып, чара көрүүгө милдеттүү. Мен азыр тапшырмаларды берип жатам. Бул багытта катуу иштешибиз керек", – деди ал.
