Садыр Жапаров: Мамлекеттик кызмат – пайда табуунун куралы эмес
25 декабрь

Садыр Жапаров: Мамлекеттик кызмат – пайда табуунун куралы эмес

Мамлекеттик кызмат – бул артыкчылык же жеке пайда табуунун куралы эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда билдирди.

Анын айтымына караганда, мамлекеттик кызмат – бул мамлекет жана эл тарабынан берилген ыйык милдет жана ишеним.

"Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматчы кайдыгер, ыкшоо же жоопкерчиликсиз болууга акысы жок. Биз эми иш-аракетсиздикке, ыкшоолукка, демилгесиздикке жол бере албайбыз", – деди ал.

Президент эл тарабынан келген каттарды же кайрылууларды кийинки инстанцияларга жөнөтүү адатына көнгөн доор артта калды деди. 

" Бүгүн ар бириңиздер түшүнүңүздөр, мамлекеттик кызматчы болуу эл өзү арызданып келгенге чейин эле көйгөй чыккан жерге барып, маселелерди чечүү, тиешелүү жыйынтыкка чейин алар менен аралашып жашоо, түйшүктү бирге көтөрүү дегенди билдирет.

Жарандарга камкордук көрүү – сиздердин кызматыңыздардын катардагы жана ажырагыс бөлүгү болушу кажет. Эгер өлкөнүн кайсыл бир бурчунда суу, жол, медицина, мектеп же жер маселеси жаралса, кызматчы жоопкерчиликти башка жакка жылдырбай, маселени жеринде чечүүгө милдеттүү. Арыз күтпөгүлө, бардык ишти алдын алып иштегиле", – деди президент.

Өлкө башчы азыркы учур креативдүү иштөөнүн, ак ниеттен кызмат кылуунун, жоопкерчиликтин жана күчтүү мамлекеттик эркти көрсөтүүнүн убагы экендигин баса белгиледи.

"Бардык жетекчилерге эскертем, бийик кызмат – биринчи кезекте чоң жоопкерчилик. Ар бир кол коюлган документ, ар бир тапшырма жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга, тартипти бекемдөөгө жана мамлекетти өнүктүрүүгө багытталышы керек.

Сиздин милдет – бул тапшырмаларды так түшүнүп, сезип, туура жүзөгө ашыруу. Жетекчилердин каталары элге өтө кымбатка турат. Ошондуктан мен ар бириңерден тартипти, терең ойлонууну, тактыкты, жети өлчөп бир кесүүнү жана толук жоопкерчиликти талап кылам.

Бардык мамлекеттик системаларды реформалоону масштабдуу жүргүзөбүз. Санариптештирүү, процесстерди оптималдаштыруу, жаңы башкаруучулук инструменттерди киргизүүдө Кыргызстанга күчтүү кадрлар абадай керек. Ошондуктан мен талантту жаштарды, ийкемдүү башкаруучуларды, IT-адистерин,аналитиктерди “мамлекеттик кызматтарга келгиле” деп чакырат элем. Бизге чыныгы татыктуулар керек, кызматтык көтөрүлүүлөр тааныш-билиштикке эмес, жөндөмүнө, эмгегине жана натыйжасына жараша болушу кажет. Көп тил билген адистерге артыкчылык берилип, жетекчилик кызматтарга магистр деңгээлинен кем эмес билимдүүлөрдү жумушка алуу зарыл. Жаңы Кыргызстанда мамлекеттик кызматчылар элге жакын болуп, чынчыл, ачык жана берилүү менен кызмат кылышы шарт. Биз келечек урпактарыбыз мактана турган, сыймыктана турган өлкөнү курабыз", – деди ал.