www
25 май
Бишкектин айрым бөлүгүндө 25-майда убактылуу суу өчүрүлөт
Бишкектин айрым бөлүгүндө бүгүн, 25-майда саат 10:00дөн 17:00гө чейин убактылуу суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Өчүрүү аймагы: Жунусалиев көчөсү–Гагарин көчөсү – Абдраимов көчөсү–Балтагулов көчөсү – Ч. Айтматов проспекти – Сухомлинов көчөсү – Ш. Руставели көчөсү – Айни көчөсү.
Суу берүү Жаманбаев көчөсүндөгү Д= 400мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.
"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
