«Учкун» жеке мектептерге окуу китептерин сатуу укугунан ажырады
видеодон алынган кадр
17 сентябрь

«Учкун» жеке мектептерге окуу китептерин сатуу укугунан ажырады

Кыргызстандын Агартуу министрлиги «Учкун» ААКтын окуу китептерин жеке билим берүү мекемелерине сатуу укугун кайтарып алды. Бул тууралуу басма ишканасынын өндүрүш боюнча директору Кубат Бейшеев маалымат жыйынында билдирди.

Буга чейин мамлекеттик басмакана Билим берүү министрлигинин буйрутмасы менен мамлекеттик мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгарып гана тим болбостон, аларды жеке мектептер үчүн даярдап, сатууга да укуктуу болгон.

Бул үчүн «Учкун» окуу китептеринин автордук укук ээси болгон «Окуу китеби» басма үйү менен лицензиялык келишим түзгөн.

Жеке мектептер керектүү китептердин саны боюнча өтүнмө берип, келишим түзүп, буйрутманын акысын төлөшкөн жана окуу китептерин өздөрү алып кетишкен же жеткирүү аркылуу алышкан.

Жеке мектептер коммерциялык уюмдар болгондуктан, аларды окуу китептери менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен камсыз кылуу каралган эмес.

Бирок жаңы окуу китептеринин базарларда сатылып жатканы тууралуу маалымат тарагандан кийин, Билим берүү министрлиги «Учкундан» аларды жеке мектептерге сатуу укугун кайтарып алган.

Басмакананын өкүлдөрү өз кезегинде окуу китептерин сатууда лицензиялык келишимдин алкагында иш алып барышканын жана мыйзамдарды бузбаганын билдиришти.

Ошол эле учурда ишкананын өкүлдөрү китептер сатып алуучуга өткөрүлүп берилгенден кийин ар бир партиянын андан аркы колдонулушун көзөмөлдөй алышпай турганын моюнга алышты.

Билим берүү министрлиги окуу китептеринин эркин сатууга кандайча чыгып кеткенин аныктоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылды.