
Байсалов маморгандарга адам укуктарын коргоону күчөтүү боюнча иштерди улантууну тапшырды
Президенттин администрациясында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө адам укуктарын коргоонун актуалдуу маселелери, анын ичинде 2022-жылдын ноябрында кабыл алынган 2022-2024-жылдарга карата адам укуктары боюнча иш-аракеттер планын узартуу талкууланды.
Отурумдун жыйынтыгында Байсалов мамлекеттик органдарга адам укуктарын коргоо жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча иштерди улантууну тапшырды.