ТИМ өкүлү: Чет өлкөгө операция үчүн жөнөгөн жарандарга кыска мөөнөттө виза ачууга жардам беребиз
24 декабрь

ТИМ өкүлү: Чет өлкөгө операция үчүн жөнөгөн жарандарга кыска мөөнөттө виза ачууга жардам беребиз

Депутат Шаирбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында чет өлкөгө дарылануу үчүн барууга аргасыз болгон кыргызстандыктар көп кабылган маселеге токтолду.

“Оор дартка кабылып, чет өлкөдөн дарыланууга же операцияга жасатууга муктаж болгон жарандарга виза алуу кыйын экен. Мисалы, Түштүк Корея, Германия ж.б. өлкөлөргө. Визаны күтүп отургуча оорусу күчөп же операция жасалчу маалды өткөрүп жибергендер бар. Тышкы иштер министрлиги ушул багытта иштеп, мамлекеттер аралык келишим түзүп, медициналык тастыктамасы бар жарандарга жана аны коштоп баруучуга виза алууну тездеттирсе болобу?” – деп сурады.

ТИМ өкүлү бул боюнча иштер жасалып жатканын айтты.

“Ооруган жарандарды кайсы бир өлкөлөргө визасыз киргизүү боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп жатабыз. Биздин жарандар Түштүк Корея, Индия ж.б. өлкөлөргө дарылануу максатында бара турган болушса, виза тариздөө үчүн бизге кайрылышса болот. Биз гуманитардык максатта тез ачканга көмөктөшөбүз. Бирок белгилей кетчү нерсе, ар бир мамлекеттин өзүнүн талаптары бар”, – деди ал.