Жалал-Абадда эт жана көмүрдүн баасын негизсиз көтөргөндөргө чара көрүлөрү эскертилди
24 декабрь

Жалал-Абадда эт жана көмүрдүн баасын негизсиз көтөргөндөргө чара көрүлөрү эскертилди

Жалал-Абад облусунда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана калкты социалдык маанидеги товарлар, анын ичинде эт жана көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. 

Бул багытта бүгүн жыйын өткөрүлүп, ага облус башчысынын орун басары Урмат Самаев, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгынын кызматкерлери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жана Манас шаардык мэриясынын кызматкерлери, санитардык жана ветеринардык көзөмөл кызматтарынын жетекчилери, ошондой эле эт жана көмүр саткан соодагерлер катышты.

Башка район, шаарлардын жетекчилери жана облустагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы жыйынга онлайн форматта катышты.

Жыйындын жүрүшүндө этке карата убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу чаралары, көмүрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана бааларды негизсиз жогорулатууга жол бербөө маселелери талкууланды.

Соода түйүндөрүндө бааларга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, мыйзам талаптарын бузган учурларда тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.