Раззаков шаарында жарандар арзан көмүр менен камсыз болууда
Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында, көмүр шахталары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде, шаар тургундарына арзан баадагы “Орешка” маркасындагы көмүр таратылууда. Бир кап көмүр 270 сомдон сатылууда.
Учурда төмөнкү аймактарга көмүр жеткирилди:
- Раззаков шаарынын Раззаков 1 кварталына 700 кап (28 тонна).
Жакынкы күндөрү шаардын аймагындагы бардык аймактарга жеткирилет, андыктан айыл башчыларга тизмеге жазылууңуздарды эскертет.
