Караколдо пиротехникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча “АРСЕНАЛ” рейди өтүүдө
Каракол шаарынын аймагында пиротехникалык буюмдарга байланышкан укук бузуулардын алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандык пиротехникалык буюмдардын жүгүртүлүшүнө көзөмөл жүргүзүү максатында Каракол ШИИБдин коомдук коопсуздук кызматы жана Жыргалаң шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан “АРСЕНАЛ” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө Каракол шаарынын жана Пристань–Пржевальск шаарчасынын аймагында мергенчилик куралдары бар жарандардын ок атуучу куралдарды сактоо шарттары, ошондой эле тиешелүү уруксат берүүчү документтери текшерилүүдө.
Мындан тышкары, соода түйүндөрүндө жана коомдук жайларда пиротехникалык буюмдарды мыйзамсыз сатуу жана колдонууга байланышкан укук бузуулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулууда. Жарандарга пиротехникалык буюмдарды колдонууда коопсуздук эрежелерин сактоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так аткаруу боюнча маалыматтар жеткирилүүдө.
Каракол ШИИБдин кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мындай иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз улантылмакчы.
