Депутат Чолпон Эсенаманова Суусамыр өрөөнүнө барып, инфраструктуралык объектилердин абалын көрүп чыкты
26 март

Депутат Чолпон Эсенаманова Суусамыр өрөөнүнө барып, инфраструктуралык объектилердин абалын көрүп чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Эсенаманова өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев менен бирге Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагына иш сапары менен барып, инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты. 

Тагыраагы эл өкүлү Тунук айылындагы жана Кайсар айылына барчу жолдогу Келдей суусунда жайгашкан көпүрөлөрдүн учурдагы абалын көрдү.  

Жакынкы айларда Суусамыр өрөөнүндөгү жайлоолорго мал айдалып, эл көчө баштай турганын эске салган депутат Чолпон Эсенаманова: «Бул өрөөнгө жергиликтүүлөрдөн тышкары Жайыл, Панфилов, Москва, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун бир катар айылдарынан да чабандар көчүп келишет. Андыктан жайлоолорго барчу жолдорду жакшыртып, көпүрөлөрдү бекемдөө азыркы таптагы эң маанилүү жумуштардын бири. Алыстан келген малчылар ара жолдо калып, кыйынчылыктарга туш болбошу зарыл», – деди.

Өз кезегинде өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев дагы маселенин маанилүүлүгүн белгилеп, тийиштүү иш-аракеттер көрүлөрүн билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө эл өкүлү айрым жергиликтүү тургундар менен да кыскача баарлашып, орчундуу көйгөйлөрдү укту. Анда негизинен Төө-Ашуу – Суусамыр – Арал жолун оңдоо муктаждыгы айтылды. 

Депутат Чолпон Эсенаманова аталган маселе Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Капиталдык салымдар» беренеси аркылуу каржылануучу объектилердин 2026-жылга карата иш планынын тизмесине киргизилгенин белгилеп: «Бул жол Суусамыр элинин эң негизги көйгөйү экени белгилүү. Бирок көп жылдардан бери бир жактуу чечилбей, курулушу кечеңдеп келген. Буга чейин Жогорку Кеңеште бир канча ирет демилге көтөрүлүп, тийиштүү мамлекеттик органдар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. Буйруса иштер алдыга жылып, учурда «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо-изилдөө институту мамлекеттик ишканасы тарабынан долбоордук-сметалык иш кагаздары даярдалууда. Подрядчы уюм аныкталып, республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн соң жумуштар башталат», – деди.