Кара-Суу районунун аймагында 2 тоннадан ашуун кара куурай жок кылынды
Ош ОИИБ
8 июль

Кара-Суу районунун аймагында 2 тоннадан ашуун кара куурай жок кылынды

Кара-Суу районунда табигый же атайын өстүрүлгөн баңгизаттарды камтыган өсүмдүктөрдү табуу жана жок кылуу боюнча 4 сотых жер текшерилди. 

Ош облустук милициясынан кабарлашкандай, анын натыйжасында эки тоннадан ашык жапайы өскөн кара куурай орулуп, өрттөлдү.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан Ош облусунун аймагында жер-жерлерде баңгизаттарды камтыган өсүмдүктөрдү мыйзамсыз айдоону, ошондой эле бекитилген жер участкаларында, талааларда, өзүнүн короосунда жапайы өскөн кара-куурайды жок кылуудан баш тарткан жарандарга караштуу короолорду кыдыруу боюнча иш-чаралар жүрүүдө.