Бишкектин борбордук бөлүгүндө 24-декабрда ичүүчү суу жок болот
23 декабрь

Бишкектин борбордук бөлүгүндө 24-декабрда ичүүчү суу жок болот

Бишкектин борбордук бөлүгүндө 24-декабрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин ичүүчү суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Өчүрүү аймагы:
* Айчүрөк ЦУМ
* Берен Голд соода борбору
* А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры
* "Кабар" маалымат агенттиги
* Борбордук шайлоо комиссиясы
* Шопоков көчөсү, 98а темир жол
* Фонтан аймагы
* Италиянын ардактуу консулдугу

Жер астындагы өтмөк аркылуу өтүүчү жаңы D-150 мм линиясынын кайра туташтырылышына байланыштуу суу берүү токтотулат.

"Бишкексууканал" МИси  ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.