Ошто беш жаран мыйзамсыз сактаган куралдарын милицияга өткөрүп берди
Ош ОИИБ
30 апрель

Ошто беш жаран мыйзамсыз сактаган куралдарын милицияга өткөрүп берди

Ошто беш жаран мыйзамсыз сактаган куралдарын милицияга өткөрүп берди. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Ош ОИИБге караган түзүмдөрдүн кызматкерлери ок атуучу куралга байланыштуу кырсыктардын, кокустуктардын алдын алуу боюнча иш-аракеттерди байма-бай жүргүзүп келет.

Рейд учурунда ок атуучу куралды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 14 жаранга карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык айып пул салынды.