Чүй облусунда «Розыск» аталышындагы ыкчам рейддин жүрүшүндө батирлерден уурулук кылууга шектүү жаран кармалды
2025-жылдын 6-декабрында Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө шаар тургуну 1962-жылы туулган К.Б. аттуу жаран, арыз менен кайрылып, ал арызында 2025-жылдын 26-ноябрында болжол менен саат 17:00 чамасында белгисиз адамдар анын турак жайына жашыруун кирип, 620 000 сом, 5 000 АКШ доллары жана 20 000 теңге акча каражаттарын уурдап кетишкенин билдирген. Натыйжада арыз ээсине олуттуу материалдык зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголду.
Ушундай эле арыздар менен Токмок шаарынын дагы төрт тургуну ички иштер органдарына кайрылышкан. Бардык арыздар мыйзамда белгиленген тартипте катталып, алардын негизинде да Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-беренеси боюнча кылмыш иштери козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан «Розыск» аталышындагы ыкчам рейд маалында көрсөтүлгөн кылмыштарга шектүү жаран аныкталып, кармалган. Ал 1995-жылы туулган жаран К.Д. болуп чыккан. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кармалган жаранды буга чейин жасалган башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилип жатат. Тергөө иштери улантылууда.
