Бишкектиктердин таштанды үчүн карызы 244 млн сомдон ашты
6 апрель

Бишкектиктердин таштанды үчүн карызы 244 млн сомдон ашты

Бишкектеги «Тазалык» муниципалдык ишканасы катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн төлөнбөгөн карыздарды аныктоо жана өндүрүү боюнча рейддик иш-чараларды күчөтүүнү пландоодо.

Ишканадан билдиришкендей, текшерүүлөр кызмат үчүн туруктуу түрдө төлөбөгөн калк арасында, жеке үй чарбаларда жана ишкерлер арасында жүргүзүлөт. Өзгөчө көңүл узак мөөнөттөн бери карызы топтолгон абоненттерге бурулат.

1-мартка карата таштанды чыгаруу үчүн жалпы карыздын суммасы 244 млн сомдон ашкан. Анын ичинен 96,4 млн сом юридикалык жактарга, ал эми 147,9 млн сом калкка туура келет.

Карыздарга карата колдонуудагы мыйзамдардын алкагында чаралар көрүлөт, анын ичинде айып пул санкциялары да каралган.

«Тазалык» ишканасында белгилешкендей, түшкөн каражат кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө жана таштанды чыгаруу системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталат. Жарандарга көрсөтүлгөн кызматтар үчүн өз убагында төлөө чакырыгы айтылды.