Курманбек Сокеев ЖАМК төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду
Сокеев Курманбек Оруналиевич КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысы кызмат ордунан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
