Баткенде өрттөн жабыркаган тургунга камсыздандыруу сертификаты тапшырылды
КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Лейлек районунун Көк-Таш айылынын тургуну Буузия Камалидиновага 450 миң сом өлчөмүндө “Мамлекеттик Камсыздандыруу уюмунун” камсыздандыруу төлөмүнүн сертификатын тапшырды.
Буузия Камалидинованын турак үйү 2026-жылдын 21-февраль күнү саат 23:30 чамасында электр зымдарынын кыска чыналуусунан өрт чыгып, 6 бөлмөлүү үй толугу менен күйүп кеткен.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 23-январында Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында тез жардам кызматына тиешелүү Toyota Hilux үлгүсүндөгү автоунаа жол кырсыгына кабылып, Баткен областтык биргелешкен ооруканасы материалдык чыгымга учураган. Бул кырсык боюнча жалпы 870 миң 470 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмү тапшырылды.
Жалпысынан алганда “Мамлекеттик Камсыздандыруу уюму” тарабынан жарандардын жана мекемелердин мүлкүн коргоо, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жеңилдетүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында камсыздандыруу төлөмдөрү өз убагында жана толук көлөмдө берилүүдө.
Мамлекеттик Камсыздандыруу уюмунун Баткен филиалы тарабынан 2026-жылдын башынан бери жалпы облус боюнча 9 жаранга 2 193 275 сом өлчөмүндө акчалай компенсация төлөндү.
Анын ичинен:
- Үйлөрү жабыркаган 6 жаранга жалпы (ОСЖ) – 988 406 сом
- Жол кырсыгынан мүлкүнө келтирилген зыяндар үчүн 2 жаранга (ОСАГО) – 334 399 сом төлөндү.
- АВТОКАСКО боюнча тез жардам уунасы үчүн – 870470 сом төлөндү.
