Каракол – Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды  
9 январь

Каракол – Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды  

Каракол – Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, жолду жабуу тууралуу Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун акиминин тиешелүү тескемеси чыккан. 

"Аталган унаа жолунда кар жаап, бороон болуп, айрым тилкелерде күрткү пайда болду. Ошондой эле жолдун 76-92-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда", - деп айтылат маалыматта.

Каракол – Эңилчек унаа жолунун 38-112- чакырым аралыктарында жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.