Чүй облусунда ден соолука оор залал келтирүүгө шектелгендер кармалды
2025-жылдын 31-декабрында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Чүй облусунун оруканасынан Дмитриевка айылынын тургуну, 2004-жылы туулган У.И. аттуу жаран ар кандай дене жаракаттары менен жеткирилгени тууралуу билдирүү түшкөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, У.И. аттуу жаран аталган жаракаттарды белгисиз адамдар тарабынан сабалуунун натыйжасында алганы аныкталган.
Бул факты катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан, аталган кылмышка шектүү катары Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык 2003-жылы туулган Т.Р. жана 2005-жылы туулган А.У. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар да аныкталып, учурда аларга карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
