ӨКМ тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучу тууралуу эскертти
2 март

ӨКМ тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучу тууралуу эскертти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. 

Синоптиктердин билдирүүсүнө карагандаа, 2синен 5-мартка чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ыйрайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тактап айтканда:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
  • Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алакуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында,
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
  • Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында,
  • Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу),
  • Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-, 260-290- жана 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу),
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.