«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр четке кагылды
Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов белгилегендей, мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү тутумун өркүндөтүүгө багытталган жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентин бекитүү боюнча талаптарды алып салуу сунушталууда.
Талкуу маалында депутаттар Дастанбек Жумабеков менен Кундузбек Сулайманов мыйзам долбоорундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентин бекитүү боюнча талаптарды алып салууга байланышкан ченемдерди тактап, бир катар суроолорду узатышты. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү тууралуу кеп кылган депутат Камила Талиева ар бир мыйзам элдин кызыкчылыгы үчүн иштеши керектигин белгилеп, мыйзам долбоорун сунушталган түрдө кабыл алууга болбой турганын кошумчалады.
Депутат Марлен Маматалиев мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көңүл буруп, такси кызматын көрсөтүүгө лицензия берүүдө соттолбогондугу тууралуу маалымкат талап кылынып жатканына токтолду. Эл өкүлү ошондой эле аталган тармакта бюрократияны кыскартуу керектигин да билдирди. Депутат Дастан Бекешев жеке менчик медициналык мекемелердин маалымат базасын «Түндүк» системасына киргизүү маселесин кароону сунуштады. Ал эми депутат Болот Сагынаев алыскы аймактардагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү маселелерин тактады.
Эл өкүлдөрү мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Депутат Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору так эместиктерди жоюу жана жашы жете электердин үгүт иш-чараларына катышуусуна тыюу салган ченемди кеңири чечмелөө максатында иштелип чыккан.
