Блогер Айтилек Орозбековго милицияга арыз жазылганы тууралуу социалдык тармактарда маалымдалды
14 январь

Блогер Айтилек Орозбековго милицияга арыз жазылганы тууралуу социалдык тармактарда маалымдалды

Блогер Айтилек Орозбековго милицияга арыз жазылганы тууралуу социалдык тармактарда маалымдалды.

Арыз жазууга негиз болгон окуя: Орозбеков “Куликовский” соода борборунун бир дүкөнүнө барып, кызматкерлерден аны мамлекеттик тилде тейлөөнү талап кылган.

Жалпы коомчулук экиге бөлүндү: бир тарап блогерди шылдыңчылык жана наалат үчүн жазага тартуу керек деп эсептесе, экинчи тарап Орозбеков КР мыйзамдарын сактоо талабы менен чыкты деп, “Куликовский” дүкөнү туура эмес аракет кылгандыгын билдирүүдө.