Бекешев ТСЖ төлөмдөрүн көп убакыт төлөбөй келгендерге айыппул салууну сунуштоодо
Депутат Дастан Бекешев турак жай ээлеринин шериктештигине (ТСЖ) байланышкан мыйзам долбоорун сунуштоодо.
Жогорку Кеңештин өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында депутат өзү демилгелеген мыйзам долбоорун түшүндүрүп берди.
Айтымында, көп кабаттуу үйлөрдөгү абал үч жагдайда каралат: ТСЖ түзүлөт же үй такыр башкаруусуз калат же башкаруучу компанияны жалдоо аркылуу үйдүн маселеси чечилет.
“Бирок ТСЖнын тегерегинде бир топ ызы-чуу да бар. Кээ бир тургундар көп жылдар бою төлөм төлөбөй жүрөт, бирок өз укуктарын абдан жакшы билишет. Алар мисалы, подъезддин тазаланышын талап кылышат. Айрым учурда тескери жагдай орун алат – ТСЖ төрагасы топтолгон акчанын иштетилиши боюнча отчет бербейт же формалдуу берип коет. Айтор, мунун айынан кошуна кошуна менен соттошкон учурлар көп”, – деди депутат.
Мындан улам Бекешев мындай чатактарды жөнгө салуу максатында мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй сунуштарды жолдогон:
1. Чогулуш, добуш берүүнү санариптештирүү. Депутат түшүндүргөндөй, мисалы бир көп кабаттуу үйдө 100 батир болсо, анын 20сы гана чогулуштарга катышуусу мүмкүн. Орчундуу маселелерде ватсап группалар аркылуу сурамжылоо жүргүзүлөт, бирок анда кабыл алынган чечимди оңой эле жокко чыгарып коюу мүмкүн. Себеби мыйзам боюнча, чогулуштарда кабыл алынган чечим кагаз жүзүндө болушу керек жана протокол түзүлүп, ар бир катышуучу кол коюуга милдеттүү. Мында дагы бир жагдай бар – ошол 100 батирдин 51ден аз эмес батиринин ээси кол койгондо гана протокол күчкө ээ болуп эсептелинет. Ал эми онлайн добуш берүү – батир ээси кайда жүргөнүнө карабай сурамжылоого катышууга жана пикирин билдирүүгө жол ачат.
2. ТСЖ төрагалары канча акча топтолгону жана кайсы жакка жумшалганы боюнча убагында отчет бербесе, анда жашоочулар жергиликтүү органга арыз жазышат дагы, анын негизинде төрагага айыппул салынат. Төрага макул болбосо, сотко кайрылууга укуктуу. Ошондой эле жашоочу көп убакыт ТСЖ төлөмүн төлөбөсө, анда ага да айыппул салынат.
3. Көп кабаттуу үйдөгү батирлердин менчик ээси автоматтык түрдө ТСЖ мүчөсү болуп саналат.
