Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Марат Аманкулов дүйнө салды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин экс-спикери Марат Аманкулов дүйнө салды. Маалыматты анын жакындары тастыкташты.
Алардын айтымына караганда, ал акыркы бир нече жылдан бери узакка созулган оору менен күрөшүп жүргөн.
Марат Аманкулов 55 жашта болчу. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 2-январда өтөт.
