Tunduk мобилдик тиркемесинде эки жаңы кызмат пайда болду
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Tunduk тиркемесинде эки жаңы кызматтын ишке киргенин кабарлайт.
Эми тиркеме аркылуу:
1. Баланын катталгандыгы (катталган жери, прописка) тууралуу маалымкатты алуу.
2. Балдар үчүн мүлккө ээлик кылуу/ээлебөө тууралуу маалымкатты онлайн тартипте алуу мүмкүн (мамлекеттик төлөм - 170 сом).
Кызматтар төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн санарипке өткөрүлгөн учурда гана жеткиликтүү. Эгерде бала тууралуу маалымат тиркемеде көрсөтүлбөсө, колдонуучулар “ЖААК документтерин санарипке өткөрүү” кызматын колдонуп, күбөлүктү санарипке өткөрө алышат.