Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсү пайдаланууга берилди
Бүгүн, 9-май — Улуу Жеңиш күнүнө карата Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү, Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдугунун өкүлдөрү, “Орус үйүнүн” кызматкерлери, шаар тургундары жана коноктор катышты.
Бул көчө 49-көчө менен кесилишип, Мамыров көчөсүнө туташат. Жол менен кошо 49-көчөнү бириктирген жаңы көпүрө да курулуп, пайдаланууга берилди. Узундугу бир чакырымга жакын көчөдө кызыл сызыкка чыккан курулуштар жылдырылып, электр мамычалары жаңыланды. Ошондой эле түнкү жарыктандыруу орнотулуп, тротуар жана ирригациялык тутумдар жасалды.
Ачылыш аземге катышкан мэр Жанарбек Акаев тургундарды 9-май майрамы, жолдун ачылышы менен куттуктады. Ошондой эле азыркы тапта шаарда 50 чакырымга чукул жол жасалып жатканын кошумчалап, бул чек эмес экенин, калаанын инфратүзүмү мындан ары да жакшыртыла турганын айтып, шаардыктарды кубандырды.
