Ош шаарында чарба жана транспорт маселелери боюнча кеңейтилген жыйын өттү
Ош мэриясы
28 апрель

Ош шаарында чарба жана транспорт маселелери боюнча кеңейтилген жыйын өттү

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоевдин жетекчилигинде 27-апрелде шаардык чарба жана транспорт тармагындагы маселелер боюнча кеңейтилген жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жыйында 2025-жыл жана 2026-жылдын I кварталында эгилген бак-дарактардын абалы талкууланып, жашыл аймактарга мониторинг жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлгөнү маалымдалды. Бул багытта тиешелүү кызматтар жана аймактык башкармалыктар менен биргеликте талдоо иштери жүргүзүлөт.

Коомдук транспорттун натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси да көтөрүлүп, жүргүнчүлөргө ыңгайлуулукту камсыз кылуу, коопсуздукту күчөтүү жана жол эрежелерин так сактоо боюнча тапшырмалар берилди. Маршруттук тармакты оптималдаштыруу үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, аймактык башкармалыктар менен коммуналдык чарба жана транспорт кызматтарынын ортосунда тыгыз байланыш түзүү, шаардык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча бир катар маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.