Комитет УКМКнын төрагасын жана үч министрди дайындоого макулдук берди
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын жана үч министрдин кызмат орундарына көрсөтүлгөн талапкерлерди дайындоого макулдук берүү маселелерин карады.
Жыйында талапкерлерди пезиденттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Тактап айтканда, комитет Жумгалбек Шабданбековду Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна, Акыл Токтобаевди жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына, Урматбек Шамыркановду өзгөчө кырдаалдар министри кызматына, ал эми Талантбек Солтобаевди транспорт жана коммуникациялар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселелерин жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.
