БШКнын сандык курамын кыскартууга багытталган мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды
Жогорку Кеңеш
12 март

БШКнын сандык курамын кыскартууга багытталган мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды

БШКнын сандык курамын кыскартууга багытталган мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды.

Демилгечилер – депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастан Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев, Талайбек Масабиров.

Маалымат менен демилгечилердин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев тааныштырды.

Мыйзам долбоору шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн БШКнын курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Анын курамын он эки мүчөдөн жети мүчөгө чейин кыскартуу сунушталууда. Депутат Нурбек Сыдыгалиев экинчи окуунун алкагында БШКнын курманын сегиз мүчөдөн кылып түзүү тууралуу өзгөртүү сунушталарын билдирди.

Талкуу маалында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков БШКнын курамын түзүү принциптерине көңүл бурду.

Депутат Камила Талиева комиссиянын сандык курамын кыскартуу зарылдыгы эмнеден келип чыкканына кызыкты.

Депутат Улан Примов негизги маселелерди кароодо жана добуш берүүдө добуштар тең чыгып калган учурлар тууралуу сурады.

Депутат Бурул Аманова гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылуу маселесин көтөрдү.

Ал эми депутаттар Гүлнара Баатырова жана Гүлшаркан Култаева БШКнын курамын түзүү принциптери, добуштардын тең чыгышы жана комиссия мүчөлөрүнүн макамы боюнча суроолорду узатышты.