Ноокатта тоноого шектелгендер кармалды
2026-жылдын 5-январь күнү Ноокат РИИБге 1982-жылы туулган А.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Анда 2025-жылдын 17-декабрь күнү Ноокат шаарында белгисиз жаран уруп, уюлдук телефонун тартып алып койгонун билдирген.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө аракеттери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 1999-жылы туулган Н.уулу Б. жана 1988-жылы туулган К.А. аттуу жарандар шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.
